• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткен облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 25.12.21. /Кабар/. Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 25-декабрда, саат 08:35те Баткен облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Баткен районунун Кайтпас, Жаңы-Жер айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Пикир

Оставить комментарий