• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бий спорту боюнча биринчилик өтөт

Маданият 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында балдар, жаштар жана чоңдор (5 жаштан жогоркулар) арасында Бишкек шаарынын бий спорту боюнча чемпионаты өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалымавтка ылайык, мелдешке 300дөн ашык спортчу катышат, булар Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын эң күчтүү спортчулары.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргызстанда бий спортун жайылтуу жана өнүктүрүү, спорттук чеберчиликти жогорулатуу жана өлкөнүн мыкты спортчуларын аныктоо максатында өткөрүлүүдө.

Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана КРнын бий спорту федерациясы менен биргеликте уюштурууда.

Башталышы: 10:00дө, №29 мектеп-гимназиясы, Горький көчөсү 144.

Пикир

Оставить комментарий