• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды (видео)

Маданият 0

Бишкек, 27.03.23. /Мээрим Болотбекова - Кабар/. Бүгүн, 27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Эл аралык театр күнүнө карата «Эргүү» улуттук театр сыйлыгын тапшыруу аземи өттү.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, театр ишмерлери, кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

Улуттук сыйлык кыргыз театрларында коюлган спектаклдердин жана үзүрлүү эмгек кылган театр кызматкерлеринин мыктыларына тапшырылды.

Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, мыктыларга «Эргүү» улуттук сыйлыгынын статуэткалары, дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.

Пикир

Оставить комментарий