• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КМШ жаштарынын Дельфи оюндары жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 10.10.23. /Кабар/. Бишкек шаарында КМШга катышкан мамлекеттердин он жетинчи жаштар Дельфи оюндары ийгиликтүү жыйынтыкталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 7-10-октябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Беларусь, Түркмөнстан, Армения, Өзбекстан жана Казакстандан 10 жаштан 25 жашка чейинки таланттуу жаштар катышты.

Өлкөлөр боюнча медалдардын саны жана орду:

1-орун - Россия, жалпы 17 медаль - 6 алтын, 9 күмүш жана 2 коло медаль.

2- орун - Кыргызстан, жалпы 20 медаль - 6 алтын, 6 күмүш жана 8 коло медаль.

3- орун - Казакстан, жалпы 12 медаль - 6 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль.

Беларусь, жалпы 7 медаль - 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло медаль.

Түркмөнстан, жалпы 4 медаль - 2 күмуш жана 2 коло медаль.

Азербайжан, жалпы 3 медаль - 1 күмүш жана 2 коло медаль

Өзбекстан, жалпы 3 медаль - 1 күмүш жана 2 коло медаль.

Эске салсак, КМШга катышкан мамлекеттердин он жетинчи жаштар Дельфи оюндары КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, КР Дельфи комитети, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитети, КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын колдоосунда, Кыргызстандын кызыкдар бийлик органдарынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын катышуусунда ишке ашып, Эл аралык Дельфи комитетинин колдоосу астында өттү.

Сынакка 10 жаштан 25 жашка чейинки 500дөн ашуу улан-кыздар катышып, фортепиано, скрипка, көркөм сүрөт искусствосу, академиялык ырдоо, жеке элдик ырдоо, эстрадалык ырдоо, элдик бий, элдик аспаптар, үйлөмө аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк боюнча сынактарга катышты.

Сынактын калыстар тобуна КМШ өлкөлөрүнүн 30дан ашык көрүнүктүү искусство ишмерлери, сүрөтчүлөрү, профессорлору жана искусство таануу илимдеринин докторлору кирген.

Пикир

Оставить комментарий