• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 349 чет өлкөлүк унаа аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан бир жуманын ичинде жол эрежесин бузган 349 чет өлкөлүк унаа аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектин аймагында 12-марттан 19-мартка чейинки аралыгында каттоо убактысы өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 349 автоунааны аныктады.

Алардын ичинен Россияныкы - 75, Арменияныкы - 6, Азербайжандыкы - 11, транзиттик номерлүү унаалар - 241, 16 жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Жол эрежесин бузган унаалардын баарына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен ар кандай багытттагы жол эрежесин бузган 10 чет өлкөлүк автоунаа айып короо жайына киргизилген.

Милициянын кайгуул кызматы аталган багытта текшерүү иштерин улантмакчы.

Пикир

Оставить комментарий