• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте бир жумада жол эрежесин бузган 359 чет өлкөлүк номерлүү унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 12нен 21-январына чейинки аралыкта жол эрежесин бузган 359 чет өлкөлүк номерлүү унаа кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган аралыкта каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле мындан башкада ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 359 автоунааны аныктады. Алардын ичинен Россия - 55, Армения - 5, Азербайжан - 6, транзиттик номерлер - 276, башка чет өлкөлүк унаалар - 17.

Кармалган унаалардын баарына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 9 чет өлкөлүк автоунаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

"Бишкек шаардык милициясы боюнча милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып, же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен каттуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү автоунааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий