• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте биринчи жолу мусулмандардын фото-арт көргөзмөсү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 22.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкекте 2-декабрда мусулмандардын “MUSA 2017 Muslim Social Artistry” фото-арт көргөзмөсу өтөт. Анда ошондой эле белгилүү ислам окумуштуусу Кадыр ажы Маликовдун жаңы китебинин бет ачары болот.

“Umma” ислам журналы билдиргендей, иш-чара 10:00дө А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт.

Көргөзмөдө Султан Досалиев, Влад Ушаков, Дастан Мираж, Элмира Исраилова, Марат Сайранбаев, Саид Бро сыяктуу жергиликтүү авторлордун, сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин эмгектери коюлмакчы.

Фотокөргөзмө 3-5-декабрда Ч.Айтматов жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги жер өтмөгүндө сунушталат.

Кадыр Маликов өз кезегинде окурмандарга “Мусулман жаштары: Баалуулуктар жана артыкчылыктар” жана “Ислам жана мамлекет” аталышындагы эки жаңы китебин сунуштайт.

Бет ачардын катышуучулары Маликовго кызыккан суроолорун бере алышат.

Пикир

Оставить комментарий