• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте үч жигит аялды бычак менен коркутуп, iPhone 12 телефонун тоноого шектелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Бишкекте үч жигит аялды бычак менен коркутуп, iPhone 12 телефонун тоноого шектелүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Д.Ы., аттуу шаар тургуну чала тааныш Ж., жана Б., аттуу, дагы бир бейтааныш адамдардын үстүнөн чара көрүү үчүн милицияга кайрылган. Алар 23-июнда арыз ээсин үйүнүн алдында бычак менен аны коркутуп, унаага отургузушкан, андан кийин 1 миң 800 долларлык iPhone 12 Pro Max телефонун тартып алышкан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Тоноо”) менен иш козголгон.

Ыкчам издөө иштеринин натыйжасында шектүү делген 25 жаштагы С.Г., 20 жаштагы А.Б., жана 18 жаштагы И.Ж., аттуу жигиттер кармалган.

Шектүүлөр тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий