• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

УКМК: Бекешевдин шайлоо штабы үгүт иштерине окуучуларды пайдалангандыгы аныкталды — видео

Укук тартиби 0


Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Дастан Бекешевдин шайлоо штабынын үгүт иштерине орто мектептердин окуучуларын пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

КР УКМК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер тарабынан КР Жазык кодексинин 194-беренесинде каралган «Шайлоолорду же референдумдарды өткөрүүдө каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу» боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иштерин териштирүү жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д. Бекешевдин шайлоо фондунун каражаттарынан тышкары келишим түзбөстөн, агитаторлорго финансылык каражаттар төлөнгөндүгү аныкталган.

Мындан тышкары, «Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузуу менен, 18 жашка чейинки курактагы өспүрүмдөр Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Д. Бекешевдин үгүт иштерин жүргүзүшкөн.

2021-жылдын 15-ноябрында талапкер Д. Бекешев иштин жагдайлары боюнча өз ыктыяры менен көрсөтмө берүү үчүн КР УКМК органдарына келген.

Азыркы учурда жогоруда аталган сотко чейинки өндүрүш боюнча иштин жагдайларын аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ошол эле учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын көчүрмөлөрү тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн КР БШКга жиберилет.

"КР УКМК Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бузуунун алдын алууга көңүл бурат. Мыйзам бузуулар тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын 0312 62-05-85 телефонуна кайрылууңуздарды өтүнөбүз", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий