• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркиядан Кыргызстанга 22 тонна мисте мыйзамсыз ташылып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.02.23. /Кабар/. Бажычылар 22 тонна мисте мыйзамсыз ташылып келгенин аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө "А" ЖЧКсынын дарегине Түркиядан DAF үлгүсүндөгү унаа менен мисте келип түшкөнү аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасынын кодунун шайкеш келбестиги аныкталган. Товардын жалпы салмагы 22 тоннаны түзгөн.

Аталган факты КБР МКЖ АДСге катталып, материалдар Ош облусунун прокуратурасына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий