• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бажы кызматкери Иван Коробко пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогун жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкери Иван Коробко пауэрлифтинг боюнча эки дисциплинада дүйнө кубогун жеңип алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Мелдештерде Иван Коробко экипировкасыз кош таймаш жана оордукту туруп көтөрүү дисциплиналары боюнча өзүнүн күчүн сынады. Бажы кызматынын кызматкери 90 килограмм салмак категориясында мелдешкен.

Дүйнө кубогу 2021-жылдын 12-ноябрынан тартып 14-ноябрында Бишкек шаарында өткөн. Мелдешке Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Азербайжан, Индия, Ирак, Алжир, АКШ, Монголия, Грузия жана башка мамлекеттердин спортчулары катышты.

Белгилей кетсек, Иван Коробко экипировкасыз кош таймаш дисциплинасындагы пауэрлифтинг боюнча Орто Азиянын чемпиону жана үч дисциплина боюнча “Алтын Барс” турнириндеги Борбор Азиянын чемпиону болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий