• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү белгиленди

Спорт 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Бишкекте «Газпром» балдар үчүн спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинде Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, турнир шаардык мэриянын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин кызматкерлеринин арасында спорттун кичи футбол, дартс, стол тенниси турлөрү боюнча өттү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөр жана байге ээлери кубок, медаль жана тиешелүү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Ошондой эле спорт адистери Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата, ошондой эле ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн Спорт жана дене тарбия департаментинин "КР дене тарбия жана спорттун отличниги" төш белгилери, Бишкек шаарынын мэриясынын ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары, КР Улуттук олимпиада комитетинин, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Майрамдык иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Спорт жана дене тарбия департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери департаментинин директору Жоомарт Шамканов катышты.

Пикир

Оставить комментарий