• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКМК сулуулук салондору жана клиникаларда колдонулган аткезчилик дары-дармектерди аныктады

Укук тартиби 0


Бишкек, 07.07.22. /Кабар/. Дары-дармектерди системалуу түрдө аткезчилик жолу менен ташып келүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан аткезчиликке жана көмүскө каражаттарды легалдаштырууга басым жасаган трансулуттук кылмыштуу топторду аныктоо үчүн коррупциялык схемаларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан пландуу иш-чаралардын жүрүшүндө, дары-дармектерди системалуу түрдө аткезчилик жолу менен ташып келүү жөнүндө маалыматтар алынган.

Тактап айтканда, Бишкектин аймагында медициналык эстетикалык косметологияга адистешкен бир катар сулуулук салондору жана сулуулук клиникалары иштейт. Ошол эле учурда, алар колдонулган медициналык препараттар тиешелүү экспертизалардан өтпөй тургандыгы аныкталды, бул КР мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат.

Жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй, сулуулук клиникаларында жогорку сапаттагы дары-дармек эмес, контрабандалык жол менен алынып келинген дары-дармектер колдонулат, бул аллергиялык реакциялар, анафилактикалык шок, сезгенүү жана инфекциялык процесстер, сепсис, жумшак ткандардын некрозу жана гематомалар сыяктуу шаар тургундарынын жана жалпы Кыргызстандын жарандарынын өмүрүнө жана ден соолугуна олуттуу зыян алып келет. Бул өз кезегинде жакынкы келечекте улуттун генофондунун бузулушуна алып келиши мүмкүн, анткени азыркы учурда Кыргыз Республикасынын көпчүлүк жаш кыздары косметологдордун кызматына кайрылышууда.

Азыркы учурда топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий