• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Айтматовдун “Кызыл алма” чыгармасынын негизинде тартылган дубал сүрөтү пайда болду

Коом 0

Бишкек, 12.05.22. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун атактуу “Кызыл алма” чыгармасындагы каармандары, кыргыз киносунун белгилүү актерлору Сүймөнкул Чокморовдун жана Таттыбүбү Турсунбаеванын элеси түшүрүлгөн мурал пайда болду.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектин Чүй проспектиси, 124 дарегиндеги имараттын капталын Джубили Кыргызстан камсыздандыруу компаниясынын («Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company» ЖАК) тапшырыгы жана демилгеси менен стрит-арт сүрөтчүлөрү кооздоду.

Мурал имараттардын фасаддарын жаңылоонун алкагында орнотулуп, компаниянын 25 жылдыгына карата шаарга белек болуп саналат.

Муралды тартуу иштери бир жуманын ичинде бүтөт.

Белгилей кетсек, сүрөттү тартуу Биринчи май райондук администрациясы жана «Бишкекбашкыархитектура» мамлекеттик мекемеси менен макулдашылган.

Пикир

Оставить комментарий