• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Чач" каймана ат менен белгилүү болгон кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Бишкекте кримтөбөл К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү "Чач" каймана ат менен белгилүү болгон шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-февралда Бишкек милициясынын криминалдык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган 1988-жылкы М.Э., аттуу жаран кармалган. Ал "Чач" деген каймана ат менен белгилүү жана мурда бир нече жолу сот жоопкерчилигине тартылган.

Шектүү айдап жүргөн Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны текшерүү учурунда тапанча табылган.

"Шектүүнү Бишкек милициясына алып келишкен учурда жаман сөздөрдү айтып, каршылык көрсөткөн. Андан тышкары, милиция кызматкерлерине зордук-зомбулук көрсөтөм деп коркуткан", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, керектүү экспертизалар дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий