• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте дагы бир көпүрө колдонууга берилди (сүрөт)

Коом 0

Бишкек, 12.10.17./Кабар/. Бишкекте бүгүн, 12-октябрда Токомбаев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушу аяктап, колдонууга берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага калаа башчы Албек Ибраимов, вице-мэр Бакытбек Дүйшенбиев, тиешелүү шаардык кызматтардын жетекчилери жана тургундар катышты.

Өз сөзүндө мэр Албек Ибраимов шаар тургандарын жаңы көпүрөнүн ачылышы менен куттуктап, курулуш иштерине катышкан куруучуларга ыраазычылык билдирди.

Шаар тургундары көпүрө үчүн калаа башчыга рахмат айтышты.

Албек Ибраимов бүгүнкү күндө шаардагы узундугу 73-чакырымды түзгөн 36 көчөнүн оңдоо иштери жүрүп жаткандыгын айтты.

17-чакырымды түзгөн 12 көчөнүн оңдоо иштери аяктаган.

Пикир

Оставить комментарий