• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттик шайлоого карата мектептерде окуу үзгүлтүккө учурабайт – Билим министрлиги

Коом 0

Бишкек, 12.11.17 /Кабар/. Жекшемби, 15-октябрда өтө турган президенттик шайлоого карата окуулар үзгүлтүккө учурабайт. Мектеп окуучулары тиешелүү болгондой ишемби, 13-октябрда жана дүйшөмбү, 16-октябрда окушат.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2 мң 236 шайлоо тилкесинин ичинен 1 миң 453ү мектептерде жайгашкан. Ошону менен катар окуу процесси Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдануу жана өткөрүүгө байланыштуу токтотулбайт.

“Беш күндүк окуу менен окугандар жума жана дүйшөмбү күндөрү окушат. Алты күндүк график боюнча окугандар да тиешелүү түрдө окуй беришет. Белгилей кетсек, 485 шайлоо тилкеси окутуу алты күндүк мектептерде жайгашкан”, - деп билдиришти ведомстводон.

Билим берүү жана илим министрлиги окууну үзгүлтүккө учуратуу үчүн административдик жоопкерчилик тууралуу эскертет.

Пикир

Оставить комментарий