• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте “ЕБ жана БА өлкөлөрүнүн ортосундагы бизнес-өнөктөштүк” аттуу бизнес-форум өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 05.11.21. /Кабар/. Бишкекте «Novotel» мейманканасында “Европа биримдиги жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы бизнес-өнөктөштүк” аталышындагы бизнес-форум өтүүдө. Иш-чара “Европа биримдиги – Борбор Азия” экономикалык форумунун алкагында өтүүдө.

Бизнес-форумда катышуучулар жашыл экономиканы, креативдүү индустрияны өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле бул тармактар ​​бүгүнкү күндө ЕБ жана БА өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты бекемдөөнүн каражаты экенин эске алып, биргелешкен кызматташуунун инвестициялык жана соода мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.

Иш-чаранын алкагында B2B жолугушуулары, ошондой эле экспозиция жана туризм көргөзмөсү өткөрүлөт.

Бизнес-форумга КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары А.Аалиев, Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри П.Сийярто, Франциянын Европа жана тышкы иштер министринин Борбордук Азиядагы экономикалык дипломатия боюнча атайын өкүлү Паскаль Лоро, Өзбекстандын тышкы-өнөр жай палатасынын өкүлү Адхам Икрамов, Европа инвестициялык банкынын операциялар боюнча башкы директорунун орун басары Лука Лаццароли, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучу директору Жужанна Харгитай, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, потенциалдуу чет элдик инвесторлор, каржы институттары, ошондой эле ата мекендик ишкерлер катышууда.

Пикир

Оставить комментарий