• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Эгемендүүлүк күнүнө карата өтө турган маданий иш-чаралардын программасы

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкекте бир катар маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 31-августта саат 16:00-19:00дө “Ден соолук” сейил багында спорттун беш түрү (волейбол, жеңил атлетика, кичи футбол эстафетасы, аркан тартыш) боюнча мелдеш өтөт. Ошондой эле паркта саат 16:30да экстремалдык спортчу Алексей Тепляшиндин үч автобусту өз күчү менен сүйрөп, рекорд көрсөтүүсү пландалууда.

Ал эми Ала-Тоо аянтында саат 19:30да кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт өтөт.

Мындан сырткары, төрт райондун аймагында түркүн иш-чаралар болот.

Биринчи май районунда:

- 26-августта саат 20:00дөн 23:00гө чейин Улуттук тарых музейинин алдында “Кыргыз модасына таазим. Байыртадан бүгүнкүгө чейин” иш-чарасы болот;

- 27-августта саат 12:00дө “Мурас-Ордо” жаңы конушунда активисттердин жана фольклордук ансамблдердин катышуусунда “Ыр-Кесе” ыр сынагын өткөрүү пландалууда.

Октябрь районунда:

- 31-августта саат 18:00-21:00гө чейин “Ынтымак-2” сейил багында Street Food фестивалы уюштурулат. Иш-чара ар кандай кулинардык турнирлер жана оюндарды камтыйт.

Свердлов районунда:

- 30-августта саат 10:00дө “Кара жыгач” сейил багында концерттик программа менен коштолгон иш-чара өтөт;

- 30-августта саат 11:00дө №11 орто мектептин аянтында шаардыктар жана МАБдын активисттери үчүн спорттук оюндар өткөрүлөт;

- 31-август күнү саат 11:00дө №52 орто мектептин спорт аянтчасында спорттук оюндарды өткөрүү пландалууда;

- 31-август саат 11:00дө "Эне-Сай" конушунда концерттик программа жана спорттук мелдештер уюштурулат.

Ленин районунда:

- 31-августта саат 10:00дө “Ак-Өргө” конушунда, Жолон/Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде концерттик программанын коштоосунда балдар спорт аянтчасын ачуу пландалууда;

- 31-августта саат 14:00дө Ала-Арча конушунда, Сыдыгалы/Шералиева көчөлөрүнүн кесилишинде дагы шаардыктарга майрамдык иш-чара пландалган.

Пикир

Оставить комментарий