• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

10 мектепти куруу жана реконструкциялоо боюнча ТЭН долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Куруу жана реконструкциялоо үчүн тандалып алынган 10 мектеп үчүн түзүлгөн техникалык-экономикалык негиздемелердин (ТЭН) долбоорлору коомдук талкуулоодон өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

ТЭНдерди талкуулоодо бийликтин жергиликтүү органдарынын, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн, мектептердин администрацияларынын, ата-энелер жана мектеп комитеттеринин өкүлдөрү катыша алды.

Мектептер Билим берүү жана илим министрлиги менен Дүйнөлүк банктын ортосунда макулдашылган критерийлер боюнча тандалган. Бул билим берүү мекемелеринде көптөн бери капиталдык оңдоо иштери жасалбаган жана алар жер титирөөгө туруктуулук жагынан опурталдуу болуп саналат.

“Тумаш” компаниясы өлкөдө 10 мектепти реконструкциялоодо жана курууда ТЭН иштеп чыгуу, долбоордук-сметалык документтерди даярдоо жана автордук көзөмөл жүргүзүү үчүн консультант болуп дайындалган. Мектептердин имараттарында инженердик-техникалык изилдөөлөрдү жүргүзүп комплекстүү анализдөөнүн негизинде “Тумаш” компаниясы төрт мектептин имаратын реконструкциялоону жана алты мектепти жаңыдан куруп чыгууну сунуш кылды.

Реконструкция:

М. Маткеримов атындагы № 20 мектеп,

Ч. Айтматов атындагы № 69 мектеп,

Н. Жундубаева атындагы мектеп,

А. Нышанбаев атындагы № 2 мектеп.

Куруу:

З. Бакиров атындагы № 78 мектеп,

№ 103 Садда атындагы негизги мектеп,

№ 125 Боболашкар мектеби,

А. Омурзаков атындагы № 57 мектеп,

«Сары-Алтын» мектеби,

Б. Абдрашев атындагы негизги мектеп.

Жаңы курулганда же реконструкциялагандан кийин мектептер жер титирөөгө туруктуу, энергияны керектөөсү үнөмдүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ыңгайлуу болуп, санитардык коопсуздуктун жана гигиенанын стандарттарына жооп берүүгө тийиш.

Коомдук талкуулар мектептерди куруу жана реконструкциялоо боюнча долбоор алдындагы документтерди талкуулап алуу жана баардык кызыкдар тараптардын пикирлерин эске алуу үчүн ERIK долбоорунун командасы тарабынан демилгеленген. Мектептерди куруу жана реконструкция иштери Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан “Кыргызстанда жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий