• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте эки автоунаа кагышып, бирөө оодарылып калган. Сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Бишкектеги Сүйүмбаев - Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү эки автоунаа кагышкан. Кырсык күн мурун, 2-февралда болжол менен саат 11:00дө катталган.

"Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, кырсыктын натыйжасында бир унаа оодарылып калган. Айдоочулар жабыркаган эмес жана экөө тең соо болгондугу аныкталган.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, чогултулган материалдар тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий