• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте элдик революция күнүнө карата “Апрель баатырлары унутулбайт” аталыштагы иш-чара өттү

Коом 0

Бишкек, 07.04.21. /Кабар/. Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 7-апрель элдик революция күнүнө карата “Апрель баатырлары унутулбайт” аталышындагы иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чарага Апрель элдик революциясынын баатырлары, коомдук- маданий ишмерлер жана жалпы коомчулук катышты.

Иш-чараны маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев ачып, 2010-жылы болгон Апрель элдик революциясынын мүдөөсү, андагы мекендештерибиздин кыйылган өмүрү жана бул күндүн тарыхтагы орду тууралуу кайрылуу жасап, Апрель баатырлары унутулбай тургандыгын кошумчалады.

Иш-чаранын алкагында поэзия мүнөттөрү, атуулдук ырлар ырдалды.

Саамалык Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий