• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте гүлдөрдү отургузуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 26.04.19. /Кабар/. “Бишкек жашылдандыруу чарбасы” ишканасынын кызматкерлери Бишкекте бир жылдык гүлдөрдү отургузуу иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине жалпысынан 11 миңге жакын гүл отургузулат. Ошондой эле Жеңиш аянтында 1500 даана колеус гүлүн отургузуу иштери жүрүүдө.

Гүлдөрдү отургузуу иштери жамгыр жааганга чейин уланат.

Үстүбүздөгү жылы жалпысынан шаар аянтчаларын 148 миң 403 гүл кооздойт. Алардын түрү 28ден ашат.

Пикир

Оставить комментарий