• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте грэпплинг боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0


Бишкек, 02.03.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында грэпплинг боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРдеги АDDC грэпплинги боюнча федерациянын президенти Кенжебек Чекиров билдирди.

Иш-чара 5-мартта күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктары менен башталат. Ал 27-февралда башталган, 4-мартта жыйынтыкталат.

Турнирдин алкагында эркектер арасында сегиз салмактык категория боюнча медаль ойнотулат - 62, 66, 71, 77, 84, 92 кг чейин, 100 кг жана 100 кг ашуун, ал эми аялдар арасында беш - 53, 58, 64, 71 чейин жана 71 кг.

Квалификациялык жолугушуучулар саат 10:00дө болуп, расмий ачылышы 17:30да.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи саат 20:30 белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий