• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте үй-бүлөнү опузалап, акча жана мүлк талап кылган адам кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 15.05.23. /Кабар/. Башка бирөөнүн мүлкүн опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматына Бишкек шаарынын тургуну опузалап талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылган. Анда шектүү жаран 2022-жылдын август айынан бери жабырлануучуну жана анын үй-бүлөсүн коркутуп, өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирип, опузалап акча каражатын жана кыймылсыз мүлкүн өзүнө каттатып берүү талабын коюп келген.

Териштирүүдө маалым болгондой, опузалап талап кылган адам бир үйдү эмес, жарандын бүтүндөй эки үйүн өзүнө каттатып алуу аракетин көргөн.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдардын негизинде, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси "Опузалап талап кылуу" менен кылмыш иши козголгон.

Жакында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жаран 2000-жылы туулган У.С. кыймылсыз мүлктү каттоого документтерди даярдоо учурунда кармалды. Шектүүгө таандык "Лексус" үлгүсүндөгү автоунаага тинтүү жүргүзүү учурунда "макаров" тапанчасына окшош ок атуучу куралы жана анын 13 даана октору табылып алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ошондой эле тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн жашаган жеринен ок атуучу куралдар: снайпердик ок атуучу куралы, "Сайга" үлгүсүндөгү ок атуучу курал, эки тапанча, 7,62 калибрдеги 100дөн ашык октору, ошондой эле башка ок атуучу куралга таандык октор жана бычак табылган.

Учурда опузалап талап кылуу фактысы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий