• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токтогулдан Бишкекке каттаган таксинин багажынан баңгизат табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.22. /Кабар/. Токтогулдан Бишкекке каттаган “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаадагы мотоциклдин кыймылдаткычына жашырып койгон баңгизат табылды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинде (“Сатуу максатын көздөбөй, баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо”) каралган белгилер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында атайын операция жүргүзүлгөн.

“Чычкан” коктусундагы автоунаа постунда Токтогул районунан Бишкек шаарына багыт алган, ак түстөгү “Хонда Степвагон” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аталган унаага кароо жүргүзүү учурунда анын багаж бөлүгүнөн мотоциклдин кыймылдаткычы табылган. Аны ачканда ичинен 47 даана ширеңке кутусундагы формада ачык-күрөң түстөгү гашиш, өзгөчө жытына ээ болгон 650 гр катуу зат табылып алынган.

“Хонда Степвагон” автоунаасынын 28 жаштагы Т.Н. аттуу айдоочусу “Токтогул - Бишкек” каттамы боюнча жеке жүк ташуу менен алектенерин, бул кыймылдаткыч Чоң-Арык айылынын тургуну Кайрат аттуу жигитке таандык экендигин жана ал акча төлөп аны Бишкек шаарына жеткирүүнү сурангандыгын айткан.

Т.Н. аттуу жарандын көрсөтмөсүнө ылайык, көрүлгөн чаралардын натыйжасында ошол эле күнү 29 жаштагы Токтогул районунун жашоочусу А.К. кармалып, ал күнөөсүн моюнуна алуу менен көрсөтмө берген.

Соттук-химиялык экспертиза дайындалып, мындан аркы ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий