• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Ички аскерлердин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү — сүрөт

Коом 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-августта Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, Генералдар кеңешинин төрагасы Садырбек Дубанаев, генерал-майор Ашырбек Бакаев, аскер кызматкерлери, ардагерлер жана коноктор катышты.

Салтанаттуу иш-чара Дайыр Асанов атындагы “Жеңиш” эс алуу паркында Ички аскерлердин аллеясында айкелдин ачылышы менен башталды.

Адылбек Бийбосунов өз сөзүндө Ички аскерлердин учурдагы ишмердүүлүгүн жогору баалап, жалпы өздүк курамды бүгүнкү күн менен куттуктап, кызматтарына ийгиликтерди каалады.

Айкелдин негизги максаты - Эгемендүү мамлекеттибидин жаркын келечеги үчүн кызмат кылган Ички аскерлердин аскер кызматкерлеринин эрдиктерин даңазалоо жана келечек муунду Мекенди сүйүүгө тарбиялоо болуп саналат.

Андан соң ИИМдин Ички аскерлеринин 7709 аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысы Дамир Алыбаев конокторго ыраазычылык билдирип, өздүк курамды куттуктады.

Ички иштер министринин жана Ички аскерлеринин кол башчысынын буйругунун негизинде кызматта өзгөчөлөнгөн аскер кызматчылары сыйланышып, ал эми коноктор Ички аскерлердин борбордук музейи менен таанышышты.

Салтанаттуу иш-чаранын соңунда майрамдык концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий