• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан жана Россиянын акыйкатчылары мигранттардын маселелерин чечишет

Коом 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Москвада Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу КР Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында өттү. Анда эки өлкөнүн акыйкатчылары жарандарды биргелешип кабыл алышты.

Мындан тышкары, Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына КРнын элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери юридикалык кеп-кеңештерди беришти.

Жамиля Жаманбаева Россияда Кыргызстандын абдан көп жарандары жашап, эмгектенип жатышканын жана КРнын Акыйкатчы институту үчүн алардын укуктарын камсыздоого колдоо көрсөтүү - артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

“Белгилүү болгондой, диаспоралар адам укуктарынын бузулушуна байланышкан маселелерди билүүгө жана аларды чечүүгө жардам берүүдө абдан чоң роль ойнойт.

Дал ушул сиздердин Россиядагы биздин мекендештерибиз менен активдүү иш алып барышыңыздардын жана бизге, Россиянын бийлик органдарына ыкчам эскертүүлөрүңүздүн натыйжасында айрым көйгөйлөрдү чечип, адам укуктарын коргоого мүмкүн болууда.

Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандарды бет келишип жаткан бир катар жагдайлар, мисалы, жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу, үй-бүлө мүчөлөрүнө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин алуу, “кара тизмеге” кирип калгандарга мунапыс алуу, Россиянын мектептерине эмгек мигранттарынын балдарды киргизүү, эмгек укуктары, айрым учурларда - орой мамилеге кабылуу жана башка ушуга окшогон жагдайлар бар. Биз албетте, жогоруда аталган маселелерди чечүү убакытты, ошондой эле Россиянын башка мамлекеттик органдарынын активдүү өз ара биргелешип иш алып баруусун талап кылаарын түшүнөбүз. Жана биз тараптан да адам укуктары маселелерин илгерилетүү боюнча болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, – деп айтты Жаманбаева.

КР акыйкатчысы Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте кыргызстандык мигранттардын маселелерин чечүүнүн алгоритмдерин иштеп чыгууну баштаганын белгилеп өттү.

“Мисалы, Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биздин институт менен биргелешкен иш-аракетинин натыйжасында протоколдун долбоору иштелип чыкты, анда 2024-жылдын соңуна чейинки пландарыбыз көрсөтүлгөн. Аталган документтин аткарылышы биздин өлкөлөрдөгү адам укуктарынын сакталышына оң таасирин берээрине мен бекем ишенем”, – деп айтты акыйкатчы.

Москалькова кыргыз диаспораларды тарабынан айтылган мигранттардын көйгөйлөрү Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен талкууланып жана чечиле турганын билдирди.

“Ыйгарым укуктуу өкүлдүн башкы тапшырмаларынын бири - адамдар менен пикир алышуу. Эмгек мигранттарын укуктарына кепилдиктерди жогорулатуу биздин коомго башка мамлекеттердин интеграцияланышына мүмкүндүк түзүп жана алардын жумушчу жана ишкер катары потенциалдарын бекемдейт деп ишенем”, – деди Москалькова.

Пикир

Оставить комментарий