• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ирригациялык тармактарды реконструкциялоо кызуу жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.11.23. /Кабар/. Бишкекте ирригациялык тармактарды реконструкциялоо кызуу жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Октябрь районунун түштүк кичирайондорунда 9 миң метрден ашык ирригация реконструкцияланууда.

Алсак, №3,4,5,11,12 жана Асанбай кичирайондорунда «Мегаюг» подряддык уюму иш алып барууда, план боюнча сугат тармактарын реконструкциялоонун жалпы узундугу 9400 метрди түзөт.

Учурда №3,4,5,11 жана 12-кичирайондо сугат лотокторун орнотууга даярдык көрүү, казуу иштери аяктаса, 5-кичирайонго узундугу 540 метр 180 сугат лотоктору орнотулду.

№6 кичирайондо «Кылым» подрядчы уюму тарабынан сугат лотокторун орнотуу иштери жүрүп, план боюнча реконструкциялоонун узундугу 510 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий