• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте көмүр базалары иштеп жатат. Даректери

Коом 0

Бишкек, 25.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында көмүр базалары иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, базалардан "Кара-Кече" көмүрүн жүктөөнү эске алуу менен, бирок жеткирүүсүз тоннасын 4,5 миң сомдон 5,6 миң сомго (иргелген) чейин сатып алууга болот. Бир мүшөк көмүрдүн баасы 300 сомдон 400 сомго чейин болууда.

Райондор боюнча базалар төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

Ленин району:
- Мурманск көчөсү № 126;
- "Кара-Тоо" ЖЧК Мурманск көчөсү №45/2 (мурунку Торг-Синтез ЖЧК);
- "Береке" ЖЧК Мурманск көчөсү №122, 122а;
- "Беш Сары" ЖЧК Мурманск көчөсү №1Б;
- Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин проспектиси №306а дареги боюнча;
- "Болотбеков" ЖИ Дэн Сяопин проспектиси №308/4.
- Ошондой эле көмүрдү сатуунун кошумча пункттары Алыкулов жана Гагарин көчөлөрүндө ачылды.

Биринчи май району:

- Дэн Сяопин пр. № 531 (М.Ганди бульвары менен Жапаров көчөсүнүн кесилишинде).

Октябрь районунун аймагында "Кара-Кече", "Кара-Жыра", "Беш-Сары" көмүрлөрүн сатуучу үч пункт ачылган:
- "Глобал Азия Пропертис" ЖЧК "Төкөлдөш" конушу 1 дарегинде тоннасы 5400 сомдон;
- Достоевский көчөсү 97 дарегинде 1 тоннасы 5000 сомдон;
- Октябрь көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4800 сомдон;
- Анкара көчөсү 1а дарегинде 1 тоннасы 4800 сомдон.

Свердлов районунун аймагында Достоевский көчөсүндө 1 көмүр базасы бар. 1200 тонна Шабыркүл көмүрү бар, тоннасы 5000 сомдон сатылууда.

Кошумчалай кетсек, райондун аймагында "Келечек" конушунда көмүрдү сатуунун кошумча пункттары жайгашкан. Кампада 35 тонна "Кара-Кече" көмүрү бар, 1 тоннасынын баасы 4500-5000 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий