• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган үч курулуш компаниясына айып салынды

Коом 0

Бишкек, 11.03.24. /Кабар/. Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузган үч курулуш компаниясына айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, борбор калаадагы унаа жүрүүчү көчөлөрдү булгаганы үчүн Ак-Өргө конушундагы «Дор Курулуш Групп» ЖЧКсы, Б. Алыкулов көчөсүндөгү «Ресурс курулуш компаниясы» ЖЧКсы, Д.Садырбаев көчөсү, 79 дарегиндеги «Азат Строй Сервис» ЖЧКсына протоколдор түзүлүп, ар бирине 23 миң сомдон, жалпы 69 миң сом айып салынды.

Ушундай эле мыйзам бузуу менен 08 kg 135 ABR мамлекеттик номердеги бетон аралаштырган унаанын ээси И.Вга айып протоколу түзүлдү. Ал унаасынын дөңгөлөктөрүндөгү топуракты тазалабастан айдап, көчөнү булгаган. Унаа ээсине 7500 сом айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий