• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 18.01.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы борбор калаанын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, Рыскулов көчөсүнүн №12 дарегинин тургуну К.Аскеров аттуу жаранга 13 миң сомго айып салынды.

Ошондой эле 115-беренеге ылайык, 5500 сомдон 23000 сомго чейин тиричилик жана өндүрүш калдыктарын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн: Лермонтов көчөсүндөгү №2 «Себе» ишканасы, Ж.Жолу проспектисинин №380/4 жана Сух-Батор № 3/27 көчөсүндөгү «Палаццо» рестораны айып тартышат.

Ал эми «Курулуш» компаниясы Курчатов көчөсүндөгү жолду булгап, 177-берененин 2-бөлүмү боюнча 23 миң сом жоопкерчиликке тартылат.

"Ошондой эле, СЭИ командасы «Тазалык» МИ менен биргеликте борбордун чарбалык субъектилеринин арасында таштанды чыгаруу боюнча келишимдин бар-жоктугун текшерүүдө. Тазалык үчүн күрөш уланууда. Шаардыктарды таштанды чыгаруу боюнча муниципалдык ишкана менен тиешелүү график боюнча келишим түзүүнү өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек мэриясы шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузулганына күбө болсоңуздар, Санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондоруна кайрылса болот тургандыгын эскертет:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи Май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий