• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Россияда кыргыз жарандары үчүн миграциялык амнистия 22-апрелде аяктайт

Коом 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. 22-мартта Россия тарап кыргыз жарандары үчүн "миграциялык амнистия" жарыялаган. Бул мунапыстын мөөнөтү 22-апрелде аяктайт, - деп эске салат КР Тышкы иштер министрлиги.

Ушу убакытка чейин Россиянын аймагында жүрүү мөөнөтүн бузган кыргыз жарандары, РФ аймагынан чыкпастан, административдик жоопкерчиликке тартылбастан, "кара тизмеге" киргизилбестен өз статусун мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгү бар.

Ал эми тийиштүү документтери жок мигранттар Кыргызстандын Россиядагы элчилиги же консулдугуна барып, керектүү кагаздарды алып, эч кандай тоскоолдуксуз РФ аймагынан чыгып жана кайра кирүүгө укук берилет.

КРнын Россиядагы элчилиги ал жакта миграциялык мыйзамды бузуу менен жүргөн кыргыз жарандарын аталган "миграциялык амнистия" менен колдонуп калууга чакырат. Толук маалымат алуу үчүн элчиликтин төмөнкү номерине кайрылууга болот: (+ 7 925 103 29 11).

Пикир

Оставить комментарий