• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги кафелердин биринен чоң өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 24.05.21. /Кабар/. Бишкектеги кафелердин биринен чоң өрт чыкты, - деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 24-майда калаанын Октябрь районундагы 7-апрель жана Мадиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган.

Кафеден чыккан өрт саат 19:58де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Пикир

Оставить комментарий