• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте Кайгуул-күзөт кызматына жаңы унаалар тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясынын Кайгуул-күзөт кызматына унаа тапшыруу аземи болуп өттү.

ИИМден билдиришкендей, иш-чара Ички иштер министрлигинде өтүп, Кайгуул-күзөт кызматына 25 кызматтык унаа берилди. Автотранспорттор заманбап жабдыктар менен камсыздалган.

Ведомстводон белгилешкендей, жаңы унаалар коомдук тартипти камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарууда натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.

Аземге ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, ИИМдин борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана кызматтарынын башчылары катышты.

Пикир

Оставить комментарий