• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Кайгуул кызматында канча кызматкер иштеп жатат?

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. Учурда Бишкектин эки районунда Кайгуул кызматында 262 кызматкер иштеп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында бүгүнкү күнү кайгуул кызматынын кызматкерлери Бишкектин эки – Биринчи май жана Свердлов райондорунда иш алып барууда. Ал эми эки райондо кызматкерлер кийинки жылдан тарта иштеп баштайт.

Жаңы кызматтан кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун карашат.

Анын айтымында, эки райондо 262 кызматкер иштесе, шаар боюнча жалпы 811 кызматкер иштеши керек.

"Бүгүнкү күндө 262 кызматкер иштеп жатат. Анын ичинде 42си башкаруу аппаратынын кызматкери", - деди ал.

Анын ичинен, 95 кызматкер мурда укук коргоо органдарында иштебеген катардагы жарандар.

Жакынкы арада, экинчи баскычта тандалып алынган болочок 235 кызматкер окуусун аяктап, кызматына киришет. Үчүнчү баскычта 421 жаран арыз калтырып, анын ичинен 182 талапкер тандалып алынган. 18-19-декабрда алар маектешүүдөн өтүп, андан кийин ИИМ академиясына үч айлык окууга жөнөтүлөт.

Сатыбалдиев белгилегендей, офицердик курамдын кызматкерлери ноябрь айында орточо 22,2 миң сом айлык алса, кенже кызматтагылар орточо 18 миң сомдон алышкан.

Пикир

Оставить комментарий