• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Манас” аэропортунда калың туман байкалууда

Коом 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. “Манас” эл аралык аэропортунун аймагында бүгүн, 16-декабрда калың туман байкалууда.

Аэропорттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аба ырайынын шарттарына байланыштуу каттамдар убактылуу кармалууда.

Учурда көрүү 50 метрди түзүүдө.

“Аэропорт баардык жүргүнчүлөрүн жана конокторду түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Коопсуздук баарынан артык! Каттамдар боюнча маалыматты 0 312 693109 телефону боюнча сурап-билүүгө болот”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий