• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз ветеринардык системасы ЕАЭБ ичинде таанылды – кандай артыкчылыгы бар?

Коом 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Ереван шаарында (Армения) Евразиялык экономикалык комиссиянын Кеңешинин отурумунда кыргыз ветеринардык системасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ветеринардык системалары менен бирдей деп таанылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, кемчиликтер жоюлгандан кийин мындай чечим кабыл алынган.

"ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын эксперттери ЕЭКтин өкүлдөрү менен биргеликте 2015 жана 2016-жылдары бир нече ирет Кыргызстанга ветеринардык-санитардык көзөмөл системасын баалоо үчүн келишкен. 2016-жылдан бери Кыргызстандын ветеринардык кызматынын абалын 3 ирет баалоо болгон. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесиндеги ветеринардык көзөмөлдү алып салуу, Кыргызстандын ишканаларына, мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдө болгон жүктөрдү (товарларды) Казакстандын чек арасында кошумча көзөмөлсүз ээн эркин алып өтүүгө мүмкүнчүлүк берет", - деди ал.

Ошондой эле ал билдиргендей, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасын ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ветеринардык системалары менен бирдей деп таанылуусу менен мамлекеттик ветеринардык инспекция, кыргыз ишканаларын, товар экспортко чыга турган ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ыйгарым укуктуу органынын макулдугун сурабай, өз алдынча ЕАЭБдин ишканаларынын бирдиктүү реестрине киргизе алат.

Пикир

Оставить комментарий