• 88.68
  • 95
  • 0.95

9-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 04.09.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 5-сентябрдан 9-сентябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-сентябрда күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

7 сентябрда күндүз жана 8-9-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6 сентябрда күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда, Баткен, Ош облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-сентябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош облустарынын дыйканчылык аймактарында, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-сентябрда жана 9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 9-сентябрда күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-сентябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-сентябрда күндүз жана 9-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-сентябрда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

8-сентябрда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

8-сентябрда күндүз жана 9-сентябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-7-сентябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

5-сентябрда жана 6-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

7-сентябрда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-сентябрда күндүз жана 7-сентябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-9-сентябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий