• 88.68
  • 95
  • 0.95

Күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө ар бир жетекчи керт башы менен жооп берет — министр

Коом 0

Бишкек, 13.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Алдыдагы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө ар бир жетекчи керт башы менен жооп берет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине 3 млн 29 миң 244 тонна көмүр камдалышы керек.

“Анын ичинен калк үчүн 1 млн 236 миң 600 тонна керектелет. Бишкек ЖЭБине 1 млн 500 миң тонна көмүр керектелсе, бүгүнкү күндө 242 миң 700 тонна жеткирилген. 2021-жылдын ушул мезгилинде ЖЭБге 251 миң тонна жеткирилген, ортодо 9 миң тонна айырма болуп жатат. Бир-эки күндө калганы жеткирилет. 1 млн 50 миң тонна көмүрдү “Кыргызкөмүр” ишканасы даярдайт, 50 миң тоннасын Таш-Көмүрдөн, 400 миң тонна Казакстандан алып келинет” , - дейт ал.

Министр ошондой эле 48 миң 472 тонна мазут керектелип, аны “Кыргызнефтегаз” жеткирип жатканын маалымдады.

“Кара-Кечеде бүгүнкү күндө 300 миң тонна көмүр жүктөөгө даяр турат. Алдыдагы күз-кыш мезгилин туруктуу өткөрүүгө ар бир жетекчи керт башы менен жооп берет. Ошону үчүн кыргызстандыктар кыштан жылуулукта, жарыкта чыгып кетерине ишендирип кетем”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий