• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бүгүндөн тарта камералар жол коопсуздугундагы эреже бузууну аныктай баштайт

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 12-февралдан тарта «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар 7 эреже бузууну аныктай баштайт.

Мониторинг борбору «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет, алар андан соң «Кыргызпочтасы» аркылуу унаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

Буга чейин камералар тесттик режимде иштеп келген. Ал эми 12-февралдан тарта толук ишке кирет. Биринчи этаптын алкагында камералар Бишкек шаарынын 10 кесилишине орнотулган.

Камералар төмөнкү эреже бузууларды каттап калат:

1.Жол чыракка (кызыл түскө) бай ийбей өтүп кеткендерди;

2.Жолдун карама-каршы тилкесине чыгууну;

3.Тротуар, газон, веложол, жөө адамдар өтүүчү чийинден жүргөндөрдү;

4.Жол чыракта кызыл күйгөн кезде стоп-линиядан өтүп токтогондорду;

5.Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгиден (зебра) эреже бузган айдоочуларды;

6.Көрсөтүлгөн ылдамдыктан жогору айдагандарды;

7.Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузууларды, башкача айтканда “3,27”, жана “3,28” белгилерин сактабагандарды.

Эске сала кетсек, долбоорду «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий