• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте карылар үчүн жарманке өтөт

Коом 0

Бишкек, 27.09.17. /Кабар/. Эл аралык карылар күнүнө карата Бишкекте жыл сайын өтүүчү Кайрымдуулук жарманкеси жана бир катар иш чаралар өтөт.

Бул иш чараларды “Жүрөктөн жүрөккө” уюму жана AgeNet International эл аралык геронтологиялык түйүнү Бишкек мэриясы менен биргеликте демилгелеп жатат.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча иш чарага борбордун, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын карылары катышат. Жарманкеде кийиз, жүн, жиптен жасалган кол өнөрчүлүк буюмдары, улуттук сувенирлер, айыл чарба продуктулары коюлат.

Ошондой эле, шахмат турнири, 100 метрге жарыш, лотерея, гимнастика жана бий флешмобу сыяктуу активдүү иш чаралар уюштурулат. Мындан тышкары эстрада артисттеринин жана чыгармачыл жамааттардын катышуусунда концерт коюлат.

Мындан тышкары, жарманкенин катышуучулары кандагы кантты, кан басымын жана өз салмактарын текшерте алышат.

Жарманке 29-сентябрда Эркиндик бульварындагы Курманжан Датканын эстелигинин жанында 10:00дөн 14:00гө чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий