• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Макулдашууну иштеп чыккан маморгандар бардык тарабын изилдешкенине ишенем – Т.Жумакадыров чех тажрыйбасы тууралуу

Коом 0

Бишкек, 17-июль /Кабар/. Коопсуздук кеңеши Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушу боюнча келишимге кол коюлган чех компаниясынын тиешелүү тажрыйбасы жок экени боюнча маалыматты талкуулаган жок. Бул тууралуу 17-июлдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча брифингде катчы Темир Жумакадыров билдирди.

Liglass trading CZ SRO чех компаниясы 30 банктык күндүн ичинде Россияга Жогорку Нарын ГЭСи боюнча 37 млн долларды төлөп берүүгө милдеттендирилет. Брифингде журналисттер ЖМКдагы маалыматтарга ылайык, чех компаниясынын тиешелүү тажрыйбасы жок экени, компаниянын кубаты мындай курулушка жетпей турганын айтышкан.

“Жыйында бул маалымат каралган жок. Бул маалыматты тиешелүү органдар текшерет, келишимди иштеп чыккан маморгандар бардык тарабын изилдеп чыгышкан деп ишенем”, - деди Т.Жумакадыров.

Белгилей кетсек, КР Өкмөтү 10-июлда Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда Liglass Trading CZ, SRO чех компаниясы менен биргеликте Акбулуң жана Нарын ГЭСтеринин курулушу, ишке берүү, ошондой эле, “КРда чакан ГЭСтерди куруу жөнүндө” келишимге кол койгон.

Булагы: http://www.tazabek.kg/news:1394783?from=portal&place=last

Пикир

Оставить комментарий