• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.01.24. /Кабар/. Бишкекте 13-14-январда кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат.

Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

"Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчү 0555 34 60 60 телефон номерине кайрылып, толук маалымат ала алат", - деп белгилешти министрликтен.

Жарманке Бишкек шаарынын Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде саат 8:00дөн 18:00гө чейин өтөт.

Пикир

Оставить комментарий