• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коньки тебүүчүлөргө акысыз аянтча иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. «Шаардык парктар» муниципалдык ишканасы Чоң Чүй каналы жактагы «Жаштар» паркынын алдында акысыз коньки тебүү аянтын ачканын Бишкек шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көлдөгү муздун коопсуздугу аталган ишкананын кызматкерлери тарабынан текшерүүдөн өткөн.

«Кышында таза абада эс алуу абдан жакшы жана пайдалуу. Каалоочулар бул жерге келип, акысыз өздөрүнүн коньки жана чанасын тебе алышат. Конькилери жокторго ижарага берилүүдө», - деп айтылат маалыматта.

«Шаардык парктар" ишканасынын кызматкерлеринин айтымында, эгер коньки тебүүчүлөрдүн саны жогору болсо, анда конокторго чай менен бутерброд уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий