• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Аймак 0

Бишкек, 22.01.20. /Кабар/. Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды, - деп билдирет КР ӨКМдин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 21-январда кечки саат 19:10дор чамасында катталган.

Жер титирөө Нарын районунун Тегерек, Ылайлы-Суу, Ак-Кудук айылдарында - 4 балл, Шоро, Ак-Талаа, Эмгек-Талаа, Восьмое Марта, Сары-Иймек, Лесхоз - 3,5 балл, Ак-Булак, Кара-Ой, Учкун, Достук, Мин-Булак - 3 балл жана Нарын шаарында - 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий