• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте контейнерлерден курулган көп батирлүү үй бузулду

Коом 0

Бишкек, 21-апрель /Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча “Ак-Босого” конушундагы контейнерлерден курулган көп батирлүү үй буздурулду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, объект Профессор Зима – КЧК кесилишиндеги муниципалдык менчиктин аймагында жайгашкан. 24х6 м көлөмүндөгү темир контейнерлерден көп батирлүү жеке турак жай курулган. Бул курулуш эч кандай уруксат кагаздары жок салынган.

Жакын арада борбор шаарда уруксатсыз, архитектуралык-шаар куруу талаптарын эске албастан курулган бир катар объекттер буздурулат.

Маалымдама: январдын башында мэриянын 2017-жылдагы №1 токтому менен Бишкектин аймагында мыйзамсыз курулуш объекттерин алдын алуу жана жок кылуу боюнча Ыкчам штаб түзүлгөн. 2017-жылдын 1-кварталы үчүн Ыкчам штабдын ишинин алкагында 1 100 мыйзамсыз объекттер бузулган.

Пикир

Оставить комментарий