• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте автобус жана троллейбустар үн кабарлоо тутуму менен толук жабдылды

Коом 0

Бишкек, 20.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында автобус жана троллейбустар аялдамаларды автоматтык үн менен кабарлоо тутуму менен толук жабдылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 600 автобуска жана 92 троллейбуска аялдамаларды жарыялоочу ички жана тышкы автоматтык түрдө кабарлоочу система орнотулду.

Мындай иш-чаралар шаардын коомдук транспорт инфраструктурасын жакшыртуу иштеринин алкагында жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, борбор калаадагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө GPS-трекерлер орнотулган, муну менен жарандар «Менин шаарым» тиркемеси аркылуу керектүү транспорт тууралуу маалымат ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий