• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды

Коом 0

Бишкек, 14.01.24./Кабар/. Бишкекте коомдук транспортто жол кире акысын көтөрүүнүн мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда кабыл алынган токтомго ылайык, тарифтер 15-январда кымбаттай турганы расмий кабарланган болчу.

Мэриядан түшүндүрүшкөндөй, тарифти жогорулатуу токтомуна эс алуу күндөрүнө байланыштуу кол коюу процедурасы бүтпөй калган.

Азырынча жүргүнчүлөр мурдагы баа менен төлөй беришет. Токтом качан даяр болору жана кайсыл күнү күчүнө кирери азырынча белгисиз.

Эске салсак, жаңы токтом кабыл алынып калса, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.

Маршруткаларда болсо төлөм 20 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий