• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коомдук транспорттун пландык чыгуусу көзөмөлгө алынууда

Коом 0

Бишкек, 02.02.24. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттун пландык чыгуусун, бекитилген кыймыл чиймесин сактоо боюнча рейд жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын, Бишкек троллейбус башкармалыгынын, шаардык ички иштер башкармалыгынын жана жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын кызматкерлери катышууда.

Рейддин жүрүшүндө коомдук транспорттун айдоочулары менен аялдамаларга туура токтоо, техникалык абалы, GPS-трекерлеринин иштөөсү, санитардык нормаларды сактоо жана накталай төлөм жүгүртүүдө талондун берилиши боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле талапка жооп бербеген коомдук транспорттун айдоочуларына акт түзүлүп, эскертүү берилди.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара коомдук транспорттун тейлөө сапатын жакшыртууга багытталып, күн сайын өткөрүлүудө.

Пикир

Оставить комментарий